Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Баткен 26.11.2019 13:35

Баткенде электр тогу өчүп, оорукана, мектеп, бала бакчалардын ишине тоскоолдук жаралды

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Бүгүн, 26-ноябрда Баткен шаарында бейтаптар, окуучулар жана бөбөктөр суукта калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең мененки саат 07:00 чамасынан бери Баткен шаарында электр энергиясы жок. Ага байланыштуу оорукана, бала бакча жана мектептегилер суукта калышканы айтылууда.

Бул маалыматты Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусов да тастыктап, шаарда электр энергиясы жок экенин билдирди. Оорукананын жылуулук системасы электр энергиясы менен иштейт. Андыктан бейтаптарды болушунча жылуу кармаганга аракет көрүлүп жатат.

«Азыр шаарда электр энергиясы жок болгондугуна байланыштуу атайын запастагы генераторлорду иштетип, жарык берип турабыз. Жылуулук системабыз электр энергиясы менен иштейт. Генераторлор жарык гана берип, жылуулук системаны жылытканга кубаты жетпейт. Ага карабай азыр бейтаптарды өз убагында кароодон өткөрүп, жылуу кармаганга аракеттенүүдөбүз. Эгер сырттан операцияга шашылыш түрдө бейтап келип калса анда биздеги кошумча генератор менен операция кылууга болот. Бирок жылуулук системасы электр энергиясы менен иштейт. Андыктан электр энергиясын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», - деди Жунусов.

Жергиликтүүлөр бала бакчадагы балдардын жана окуучулардын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатышат.

«Абанын температурасы учурда +1 экен. Күн аябай суук. Мындай аба ырайында электр энергиясынын өчкөнү туура эмес. Алар мындай абалды авария болду деп гана айтып түшүндүрүшөт. Негизи кышка чейин авария болбогондой кылып оңдоп, даярдыктан өтүп коюшса болмок», - деди тургундар.

Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдилла Акматбековдун айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндөгү 2 бала бакча бүгүн убактылуу жабылды.

«Баткен шаарында 9 мектеп, 4 бала бакча бар. Электр жарыгынын өчкөнү бала бакчага чоң таасир тийгизет. Мындан улам шаардын борбордук бөлүгүндөгү 2 бала бакча бүгүн убактылуу жабылды. Анткени жылуулук системасы электр жарыгы менен жылытылып келген. Ал эми мектептерде сабактар үзгүлтүккө учураган жок. Анткени мектептер жана 2 бала бакча шаардын борбордук бөлүгүндө эмес», - деди ал.

«Ош электр» ААКтан билдиргендей, электр жарыгы авариялык абалга байланыштуу өчүрүлгөн.

«Баткен шаарында электр жарыгы айрым гана жерлерде өчкөн. Облустук оорукана, көп кабаттуу 5үйдө, администрацияда электр жарыгы жок. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. 1 сааттан кийин толугу менен күйөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×