Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 25.11.2019 17:23

Кадамжайда бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 17 пункт иштеп жатат

Turmush -  Кадамжай районунда алдыдагы жылдарда жалпысынан 79 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугаруу технологиясы жолго коюлууда. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, район боюнча 42 гектар жерде карлик жана жарым карлик сортундагы жемиштердин көчөттөрү өстүрүлүүдө. Аймакта өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди сактоо, чет элдик кардарлардын талабына ылайык кургатуу, таңгактоо менен жакшы товардык сапатка жеткирүү максатында бир нече логистикалык борборлор иштеп жатат. Үч-Коргон айыл аймагында кичи ишкана, Масалиев айыл аймагында сыйымдуулугу 400 тонналык логистикалык борбор жана жалпы сыйымдуулугу 3015 тонна болгон 22 сактоочу жай иштеп жатат.

Бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 17 пункт иш алып барууда. 2019-жылдын 10 айында жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасы аркылуу 209 баш мал уруктандырылып, 98 баш асыл тукум музоо алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×