Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуБаткен району 22.11.2019 14:32

Баткен районунда санариптештирүү иштери аткарылып, кызмат көрсөтүүлөр электрондоштурулуп жатат

Turmush -  Баткен районунда санариптештирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Социалдык фонддун Баткен райондук башкармалыгында мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында «Түндүк» долбоору иштеп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы 52 мектепке, айыл өкмөттүн каржылоосу астында 6 бала бакчага интернет байланышы туташтырылды. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 22 мектепте, 6 бала бакчада видеокамералар орнотулду. Райондун аймагындагы 27 мектепте окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана ата-энелерди мектепке тартуу максатында «Электрондук күндөлүк», «Электрондук журнал» программалары киргизилип жатат. Бир топ мектептер акылдуу такта менен камсыз болушкан.

Түштүк аймакта жок заманбап технологиялар менен камсыз болгон калкты тейлөө борбору ачылды. Эң негизги жетишкендик – туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн каттоодон өткөрөр замат ЖААК бөлүмү тарабынан балага сүйүнчү ыйгарылып, арызы электрондук жол менен «Айыл банк» жана РСК банктарына жөнөтүлүп жатат. Жарандар мурдагыдай башка жактардан документтерди чогултуп убара тартпай калды. Борбор ачылгандан бери 1354 ымыркайга сүйүнчү ыйгарылды.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы, Баткен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, райондук мамлекеттик архив бөлүмдөрүндө да санариптештирүү жылынын алкагында бир топ жумуштар аткарылып, маалыматтарды топтоо, айып пулдарды төлөө жана башка ушул сыяктуу кызматтар электрондоштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×