Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.11.2019 17:22

БатМУнун студенттери нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Turmush -  Баткен мамлекеттик университетинин студенттери окуу жайдагы шарттын начардыгына нааразы болушуп, сабактарга катышуудан баш тартышты. Бул маалыматты окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Улукбек Жаныбек уулу тастыктады.

Нааразычылык акциясына БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенттери бүгүн, 18-ноябрда чыгышкан.

«Университеттин башкы имаратына да, институтка да жылуулук бериле элек. Эшикте отургучтар да жетиштүү эмес, баары эски. Китепканада жетиштүү китептер жок. Жалпылап алганда студенттерди университеттин шарты канааттандырбайт», - деди Улукбек Жаныбек уулу.

Ал эми гуманитардык факультеттин деканы Асан Берзиев окуу жайдын ректору студенттердин талабын угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды бергенин билдирди.

«Жыл сайын 1-ноябрда окуу жайга жылуулук берилчү. Быйыл көмүргө жарыяланган тендер созулуп калды. Көмүрдүн жоктугунан улам жылуулук берилбей жаткан. БатМУнун ректору келип, от жагуучу мештерди көрүп, эртең жылуулук берүү тапшырмасын берди», - деп билдирди Асан Берзиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×