Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусуБаткен району 18.11.2019 15:45

Баткендин 41 жаштагы тургуну Анарбек Базарбаев изделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын 41 жаштагы тургуну Базарбаев Анарбек Сапаралиевич изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга анын 66 жаштагы апасы Турсун Мураталиева кайрылып, 1978-жылы туулган баласы Анарбек Базарбаев 2019-жылдын 20-октябрында болжол менен саат 14:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Белгилери: Ак жуумал, чачы кыска. Кашы, көзү кара түстө. Жин оорусу менен ооруйт.

Кийген кийимдери: Кара ала түстөгү куртка, жашыл түстөгү спорттук күрмө, кара түстөгү шым.

Анарбек Базарбаев жөнүндө маалымат билгендер болсо Баткен РИИБге 03622 5-17-56, 5-09-90, 0774 77 85 88, 0709 73 66 37 номурлары аркылуу кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×