Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусуБаткен району 16.11.2019 17:30

Баткендеги чек арадагы элдин шартын оңдоо үчүн долбоорлор ишке ашырылып жатат

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Баткендеги чек арадагы элдин шартын оңдоо үчүн 220 млн сомго иштер аткарылып жатат.

Быйыл Баткен районунун чек арадагы Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарынын социалдык көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө, мамлекет тарабынан 220 млн сом каражат ажыратылган. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө бул каражаттын эсебинен Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык жолунун, Ак-Сай—Рават жолунун курулушу уланууда. Ошондой эле Ак-Сай айылынын Бакай участкасына жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн насостук станция куруу жумуштары аткарылууда. Аны менен катар айылдагы мектеп капиталдык оңдоп-түздөөдөн өттү.

Республикалык бюджеттин эсебинен Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында жана Орто-Боз айылында 225 орундуу типтүү мектептердин курулушу башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×