Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Айдаркен 14.11.2019 11:17

Айдаркенде чет өлкөгө мыйзамсыз товар алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 13-ноябрда Айдаркен шаарындагы чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1985-жылы туулган жараны Т.М. менен 1990-жылы туулган жараны Ш.А. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү 2 унаа менен чек ара бекетинен башка жерден товар алып өтүүгө аракет кылышкан. Кармалгандардын жанында уруксат кагаздары болгон эмес. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 285 миң сомду түзгөн. Кармалгандарга карата тиешелүү документтер түзүлүп, Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×