Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баткен облусу, Айдаркен 12.11.2019 10:53

Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын 20 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Кечээ, 11-ноябрда Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 1999-жылдагы Баткен аймагына кирип келген экстремисттер менен болгон согушта бир нече жоокер курман болуп, 15 жоокер оор жаракат алган. «Айдаркен» чек ара отрядынын өздүк курамы алардын элесин унутпоо үчүн жыл сайын иш-чара уюштуруп турат. Кечеги саамалыкта эскерүү иш-чарасына катар эле чек ара отрядынын түзүлүшүнүн тарыхы тууралуу маалымат айтылды. Кадамжай райондук ардагерлер кеңеши тарабынан чек арачылардын жубайларына «Жоокер жубайы» төш белгилери ыйгарылды. Салтанат чек арачылардын концерттик программасы, күжүрмөн даярдыктарын көрсөткөн сценкалар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×