Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.11.2019 17:21

Лейлекте жазуучу Нууман Сайдуллаевди эскеришти

Turmush -  Лейлек районунун Катраң айылында жазуучу Нууман Сайдуллаевди эскерүү кечеси өттү.

Иш-чара маркум жазуучунун 70 жылдыгына карата уюштурулду. Анын алкагында «Өрүктүү өрөөндүн өрнөктүү уулу» аттуу сынак өттү. Ошондой эле Катраң айыл өкмөтү тарабынан жер бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттин жана жазуучунун туугандарынын жардамы менен айылга Нууман Сайдулаев атындагы китепкананын курулушу башталды.

Жазуучу «Коломто», «Күн баш бакты», «Жоголгон күн», «Хан Шырдак», «Кызылдар», «Ый», «Миң өлөң» жана башка чыгармалардын автору. Ал чыгармачылыгын журналистикадан баштап, кийинчерээк мамлекеттик кызматка келген. Айыл өкмөт башчысы, Лейлек районунун акими болуп да эмгектенди.

Жазуучу өткөн жылы 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Артында 3 уул, 4 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×