Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 06.11.2019 19:00

Кадамжайда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган ыр кесе өттү

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 6-ноябрда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган ыр кесе уюштурулду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Гайбулаев баштаган жетекчилер, райондун аймагындагы 83 мектептин кыргыз тилчи мугалимдери катышты. Ыр кесе Тамаша айылындагы Акжол Камбаров атындагы, Чандеки айылындагы Калмурат Жаныбеков атындагы орто мектептин мугалимдери тарабынан уюштурулган. Анда «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, кыргыз тилин даңазалаган ырлар жаңырды. Ошондой эле улуттук кийимдер, тамак-аштын 45 түрү көргөзмөгө коюлду.

Мындай иш-чара эми Айдаркен шаарында өткөрүлмөй болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×