Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 05.11.2019 12:21

Лейлекте унаалар кагышып, 2 адам каза болуп, чет өлкөлүк адамдар жаракат алды. Видео

Turmush -  4-ноябрда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Шор-Кудук аймагында болгон унаа кырсыктан 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн текскөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Ош—Исфана унаа жолунун 384-чакырымында болгон. Аталган жолдо Лейлек районунун Андархам айылынын 55 жаштагы тургуну Ч.Э. айдап бара жаткан «Дэу Ланос» үлгүсүндөгү унаа менен Лейлектин Ак-Арык айылынын тургуну Р.Ж. айдап бара жаткан «Тойота Авенсис» кагышкан. Анын кесепетинен 2 унаанын айдоочусу жаракат алып, «Дэу Ланосто» бара жаткан 58 жаштагы М.М. менен 49 жаштагы Х.М. окуя болгон жерде каза болгон. «Тойота Авенсистеги» тажикстандык 5 адам — 19 жаштагы А.А., 1 жаштагы А.М., 27 жаштагы М.Р., 10 жаштагы М.З., 20 жаштагы С.Р. Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген.

Буга катар эле айдоочулар да оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча Лейлек РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×