Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 05.11.2019 10:00

Баткен шаарында көмүрдүн 1 кг 8,5 сомго чейин сатылууда

// Turmush

Turmush -  Баткен шаарында көмүрдүн 1 кг 4,5 сомдон 8,5 сомго чейин сатылууда.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, Самаркандек көмүрү 4,5 сомдон 6,5 сомго чейин, Сүлүктү көмүрү 7 сомдон 8,5 сомго чейин сатылып жатат.

Сүлүктү шаарында БСШ үлгүсүндөгү көмүр 1,5 сомдон 2 сомго чейин, БР үлгүсүндөгү көмүр 4 сомдон 4,5 сомго чейин, БК үлгүсүндөгү көмүр 6 сомдон 6,5 сомго чейин бааланып жатат.

Кызыл-Кыя шаарындагы көмүрлөр 5-6 сомдон, Сүлүктү көмүрү 8 сомго чейин сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×