Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 04.11.2019 19:45

Кызыл-Кыя шаарында №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды

Turmush -  Кечээ, 3-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы имаратта дары-дармек сактоочу жай, жарандарды эмдөө үчүн бөлмөлөр бар. Кошумча гинекология жана стоматология бөлүмдөрү да кызмат кылат. Анын курулушуна жалпы 2,5 млн сом, имараттын ичиндеги эмеректерге 800 миң сом сарпталган. Ал эми ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, каржылык колдоо көрсөткөн уюмдун өкүлдөрү да катышты.

Мекеме 6 миңден ашык адамды тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×