Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусу, Исфана 01.11.2019 09:42

4-5-6-ноябрда жамгыр жаап, аба ырайы суук болот

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн. 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жамгыр карга айланышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткү түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×