Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 31.10.2019 14:37

Лейлектин Кулунду айылында 11 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Turmush -  Кечээ, 30-октябрда Лейлек районунун Кулунду айылында спорт зал ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, имарат жергиликтүү бюжеттин эсебинен 11 млн сомго курулду. Анын курулушу 2018-жылы башталган. Спорт зал курууну 4 жыл мурда жергиликтүү тургундар демилгелеп чыгышкан. Мында волейбол, баскетбол, бокс, күрөш боюнча машыгууларды өткөрүүгө шарт түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×