Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 31.10.2019 13:03

4-5-6-ноябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, суук болушу мүмкүн

Turmush -  Өлкө аймагында 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жааган жамгыр карга айланышы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

5-6-ноябрда абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×