Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 27.10.2019 10:00

Кадамжайда А.Орозбековдун 130 жылдык маарекеси 5 небересинин катышуусунда өттү. Видео

Turmush -  Коомдук жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекеси кечээ, 26-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кадамжай районунун Орозбеков айылында салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маараке алгач Сооронбай Жээнбековдун жана өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан соң ак иштеп, адал эмгектенип, эли-жери үчүн жанын аябаган жетекчи Абдыкадыр Орозбековдун өмүр таржымалы сахналаштырылган көрүнүштөр менен тартууланды. Республикалык дэңгээлде өткөрүлүп жаткан маарекеге жергиликтүү тургундар, өкмөт өкүлдөрү жана Баткен облусундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Келген конокторго концерттик программа тартууланды. Салтанаттын программасы эмгек сиңирген артист жана режиссёр Эгемберди Чалов тарабынан мектеп окуучулары, жергиликтүү таланттар, Баткен жана Ош облустук музыкалык драма театрынын артисттеринин катышуусунда даярдалган.

Мааракеге Абдыкадыр Орозбековдун 5 небереси күбө болуп, алар уюштуруучуларга ыраазчылыктарын билдиришти. Алар репрессияга кабылган Абдыкадыр Орозбеков акталганга чейин фамилияларын жашырып, А.Орозбековдун урпактары экендигин билдирбөөгө аракет кылышканын айтышты.

Ошондой эле кыргыздын улуттук ат оюндары да уюштурулду. Байге фондуна унаа, акчалай сыйлыктар жана баалуу байгелер коюлган.

Салтанаттуу иш-чарага мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер, Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун туугандары чакырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды. Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×