Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.10.2019 15:50

Лейлектеги чек арачылар каналдан табылган артиллериялык снаряддарды жардырып жок кылышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Лейлек районундагы чек арачылар артиллериялык снаряддарды табышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылындагы каналды кароо учурунда чек арачылар 82 мм калибрдеги артиллериялык 3 снаряд табышты. Чек арачылар коопсуздукту сактоо максатында ошол аймак курчоого алынып, тиешелүү түзүмдөргө кабар берилген. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин снаряддар жардырылып жок кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×