Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 23.10.2019 12:21

Лейлектеги прокурорлор үчүн курулган батирлердин ачкычтары тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 22-октябрда Лейлек райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн курулган үй пайдаланууга берилди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, 2 кабаттуу, 5 батирлүү үйдүн курулушу 2018-жылдын 5-ноябрында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 8 098 00 сомду түзөт. Жалпы аянты 325,6 чарчы метр. Батирлер Лейлек райондук прокуратурасынын 5 кызматкерине салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш-чарага облустун жетекчилиги, аким, аксакалдар, прокурорлор катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×