Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 17.10.2019 14:51

Сүлүктүдө «Медиация. Тынчтык жолу менен жеңишке жетүү» иш-чарасы өттү

Turmush -  Кечээ, 16-октябрда Сүлүктү шаарында Сүлүктү шаардык прокуратурасынын демилгеси менен «Медиация. Тынчтык жолу менен жеңишке жетүү» аттуу семинардык сабак өттү.

Прокуратуранын маалыматына караганда, иш-чарада медиация жөнүндөгү мыйзамдагы талаштарды жөнгө салуу боюнча укуктук негиздерди түзүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү, өнөктөштүктүн иштиктүү мамилелерин өнүктүрүү, иштиктүү карым-катыш этикасын калыптандыруу, социалдык мамилелерди шайкештөө максатында иштелип чыкканы айтылды. «Улуттук медиация борбору» коомдук бирикмесинин Баткен облусундагы филиалына акыркы 6 айдын ичинде 120 жаран кайрылган. Алар тергөөгө чейинки жана тергөө, соттук териштирүү учурунда, соттун чечиминен кийин да кайрылган жарандар. Кайрылгандардын ичинен 60 талаш боюнча медиациялык макулдашуулар түзүлгөн.

Иш-чарага Сүлүктү шаардык прокуратурасынын, мэриянын кызматкерлери, «Улуттук медиация борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык соттун судьясы, аксакалдар соту, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, тергөөчүлөр, аймактык тескөөчүлөр, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери, айыл башчылары, мектептердин директорлору жана Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун мугалимдер жамааты катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө интерактивдүү оюндар уюштурулду.

Медиация – тараптардын элдешүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×