Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 17.10.2019 12:02 На русском

Түнкү клубдагы окуя: Ошто «Казактын» шериги кармалып, опер кызматкерлерге иш козголду

Turmush -  Ош шаарында «Казак» каймана аты менен белгилүү М.У.нун шериги кармалды. Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Буга чейин маалым болгондой, М.У. 9-октябрь күнү Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринде Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну менен сөз талаша кеткен. Миздүү буюм менен анын желкесине жана оң колуна сайып, андан кийин изин жашырып кеткен. Ал 10-октябрда кармалып, ал эми 15-октябрда окуя болгон күнү анын жанында болгон шериги — Өзгөн районунун 1980-жылы туулган тургуну Ж.М. Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (ээнбаштык) менен айыпталып кармалган.

«Ал да ошол күнү 1996-жылы туулган жигитти миздүү буюм менен желкесине жана оң колуна саюу боюнча айыпталууда. Ден соолугуна байланыштуу учурда ооруканада. Бүгүн, 17-октябрда Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин М.У.нун жактоочусу Динара Турдумаматова жабырлануучуну Ноокат РИИБдин башчысынын бир тууган иниси урганын билдирген.

«Ош ШИИБден бир тараптуу маалыматтар таркап жатат. Чынында М.У. 23 жаштагы баланы урган эмес. М.У.нун айтымында, аны Ноокат РИИБдин башчысынын бир тууган иниси Ж.М. аттуу адам урган. Мен бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына кайрылып жатып, ал 15-октябрь күнү кармалды. Окуя 8-октябрдан 9-октябрга караган түнү болгон, бирок урган адам кармалбай келген.

Мындан сырткары М.У.ну окуя болгон күнү Бишкекте опер кызматкер болуп иштегендер Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнө алып келип, 5 саат кыйноого алышкан. Аны видеого тартып, интернетке да чыгарышкан. Бирок ал кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө болгон жок. Мен бул боюнча да Ош шаардык прокуратурага кайрылдым. М.У. кыйноо учурунда денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал 2003-жылкы кызды зордуктоого шектелип жатат. Ал кыз учурда соттук-медициналык экспертизадан өтүп жатат», - деди.

Ош шаардык прокуратурасынан билдиришкендей, ушул жылдын 11-октябрь күнү жактоочу Динара Турдумаматова опер кызматкерлердин үстүнөн арыз жазган. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, опер кызматкерлерине Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, топтолгон материалдар УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×