Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.10.2019 14:54

Кадамжайда орус класстар бар Охна айылындагы мектепте эки эсе көп окуучулар билим алууда

Turmush -  Кадамжай районунун Охна айылындагы гимназия-мектебинде эки эсе көп окуучулар билим алууда.

Орозбеков айыл өкмөт башчысынын орун басары Элмира Аскарованын айтымында, бул мектепте орус тилдүү класстар да бар болгондуктан Күлдү, Кош-Дөбө, Өндүрүш, Кызыл-Мазар, Сары-Талаа жана башка кошуна айылдардан окуучулар келишет. Алар үчүн демөөрчүлөр жана ата-энелер машруттук каттам уюштурушкан.

Охнадагы мектеп 1985-жылы курулуп, 2011-жылы болгон жер титирөөдө жабыркаган. Кийин капиталдык оңдоо иштерине жүргүзүлгөн. Бирок учурда толук кандуу талапка жооп бербейт. 2014-жылы мектептин жанына кошумча 2 кабаттуу, 225 орундуу имарат курулушу башталып, ал 2019-жылы 2-сентябрда ачылган. Негизинен жаңыдан салынган мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып салынган менен анда 600гө жакын окуучу бар. Окуучулардын көптүгүнөн эски мектепте да окуучулар 2 мөөнөт менен окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×