Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.10.2019 16:02

Кадамжайда көмүр казып жатып каза болгон адамдар мыйзамсыз иштеп жатышкан (видео)

Turmush -  Кечээ, 6-октябрда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында шахтада көмүр казып жатып каза болгон адамдар ал жерде мыйзамсыз иш жүргүзүп келишкен. Бул тууралуу маалыматты акимчиликтен тастыкташты.

Маалыматка караганда, алар быйылкы көмүр казуу сезонун баштагына болгону 1 жума болгондугу такталды. Кырсык саат 13:00 чамасында болгон. Каза болгондор Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары болушкан. Алар:

- 1998-жылы туулган А.Ажибек, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган М.Толкун, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Кулуштан айылынын тургуну;

- 1986-жылы туулган Т.Баит, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылынын тургуну.

Үч-Коргон айыл аймагынын Боз участкасында Кара-Козу шахтасы, №11 шахта, Борду шахтасы деген 3 жай бар. Ал жерлер союз учурунда иштеп, кийин ишин токтоткон. Бул жерлерди Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары өз алдынча иштетишип, көмүр казып келишет. Жергиликтүү бийлик аталган жайда иштегендерге жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Ушул жылдын март айында дагы Кара-Козу шахтасынан 8 адамга, № 11 шахтасынан 51 адамга, Борду шахтасынан 2 адамга эскертүү берилген. Акыркы жолу 2018-жылы шахталардын биринен өз алдынча көмүр казып жаткан жаран газга ууланып каза болгон. Анда бул жайлар ишин убактылуу токтоткон. Негизи бул жерде өз алдынча иш жүргүзүүгө болбойт. Эски шахта болгондуктан көмүр казууга кооптуу болуп, көп нерсеси талапка жооп бербейт. Ал жерге адамдар өздөрү электр энергиясын тартып барып иш жүргүзүп жатышат.

Ушундай эле окуя 5-октябрда Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде катталып, 5 адам газга ууланып, анын үчөөсү каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×