Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.10.2019 15:18

Лейлекте тарыхый инсан Мурзабек Баетовдун 100 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинде тарыхый инсан Мурзабек Баетовдун 100 жылдыгы белгиленди.

Арка өрөөнүн өздөштүрүүдө чоң эмгек кылган инсандын мааракесине келишкен коноктор алгач ал кишинин айкелине гүлчамбар коюшуп эскеришти. Андан соң Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Баймурат Бекмуратов, Лейлек районунун прокурору Ильяз Токтосунов, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эрмек Бахабадинов, жазуучу Кадыр Калилов, мамлекеттик жана коомдук ишмер Карим Ташбалтаев, ошондой эле райондун өнүгүшүнө салым кошкон бир топ инсандар куттуктоо сөздөрүн айтышты. Акырында мектеп окуучулары «Түнкү сугат» театрлаштырылган оюн аткарышты.

Тарыхый инсан Мурзабек Баетов 1942-1943-жылдары Лейлек райондук «Колхоз турмушу» гезитинин жооптуу катчысы, 1943-1955-жылдары Лейлек районунун прокурорунун жардамчысы, Ош облусунун Төлөйкөн, Баткен, Өзгөн райондорунда прокурордук кызматта иштеген. 1956-1972-жылдары «Коминтерн» колхозунун башкармасынын төрагасы, андан кийин бөлүм башчысы болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан. Ошол башкармалык кызматты аркалап турган мезгилде Маргун-Оочу жолун асфальттоо, Маргундагы АТС, радио түйүнүн, суу түтүктөрүн, орто мектептин имаратын демилге көтөрүп бүткөрткөн.

Өкмөт менен партия ал кишинин эмгегин жогору баалап «Ардак белгиси» ордени жана бир катар медалдар менен сыйлаган. Андан сырткары Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасы менен эки жолу сыйланган. Ал Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, райондук жана айылдык кеңештин бир канча канча жолку депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×