Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 05.10.2019 19:27

Лейлектеги карыялардан кабар алынды

Turmush -  Лейлек районунда кары адамдарга сый көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлыктын алкагында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы менен Лейлек райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү жер-жерлердеги карыялардын үйлөрүнө барып, алардан кабар алып, 1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттукташты. Ошондой эле ар биринин коомго кошкон эмгектери жөнүндө сөз кылып, Саттар Рустамов, Санталат Темирбаева, Урматай Карабекова (акын Абдираим Шаманын кызы), Разия Курбанбаева, Жамал Коймуратова, Баар Сайпидинова, Жаңылай Кошбакова, Кошон Байматов, Абдилла Мажитов, Зеби Алимбаева, Аширбүбү Абдуллаева, Эргеш Бабаев, Жума Орозбаева, Гайбылда Салимовдорго баалуу белектерин, грамота, ыраазычылык каттарын тапшырышты. Булардын арасында 100 жашка чыккан Урматай Карабекова атасынын ырын ырдап берди.

Аталган бир айлык 15-сентябрдан 15-октябрга чейин өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×