Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 05.10.2019 11:23

Баткен районунда мугалимдер акчалай сыйлыктар менен сыйланды

Turmush -  Кечээ, 4-октябрда Баткен районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Баткен районунун акиминин орун басарлары Таалайбек Ибраимов, Кишимжан Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Олжобай Мажилимов, билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошунунун төрагасы Абдилазиз Заитовдор жана айыл өкмөт башчылары катышышты. Ошондой эле, иш-чарага жалпы район боюнча эң мыкты эмгектенген мугалимдер, ардактуу эс алуудагы мугалимдер жана жаш мугалимдер чакырылды.

Аларды бийлик өкүлдөрү куттуктап, алдыңкы жана жаш мугалимдер Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды. Мындан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик бирлик уюму тарабынан бир топ мугалимдерге ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылып, ардагер мугалимдер баалуу белектер менен сыйланышты. Майрамдык салтанатта Баткен райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, майрам шаң менен өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×