Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 04.10.2019 16:27

Баткенде жалгыз бой энелер үчүн үйлөр курулуп жатат

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 106 үй-бүлө (жесир, жалгыз бой энелер) үчүн социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, шаарчанын курулуш иштерине, документациясына, эмеректерине жана башкаларына кеткен чыгымдар 103 млн сомду түздү. Шаарчада 4 батирлүү 25 үй, ФАП, балдар ойноочу аянтча, мечит, футбол аянтча кошо курулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×