Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 03.10.2019 09:15

Баткенде 100 жаштан ашкан апалар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  1-октябрь — Карылар күнүнө карата Баткен районунда 100 жаштан ашкан адамдар сыйланды. Бул тууралуу кечээ, 2-октябрда акимчиликтен билдиришти.

Район жетекчилиги Баткен районунун Кара-Бак айылынын 100 жаштагы тургуну Мурзабекова Идаят апаны, 100 жаштагы Шарипов Шарап атаны, Самаркандек айылынын 103 жаштагы тургуну Жолдошова Айша апаны майрамы менен куттуктады. Карыяларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Идаят апа 28 небере, 40 чөбөрөнүн энеси. Шарап атанын 20дан ашуун небереси, 30дан ашуун чөбөрөсү бар. Айша апада 30га жакын небере, 40дан ашуун чөбөрө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×