Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 02.10.2019 15:40

Кыргыз-тажик чек арасында октон жаракат алгандар Бишкектеги дарылануудан кайтып келишти. Видео

Turmush -  Сентябрь айында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта атылган октон жаракат алган 4 адам айылдарына кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда белгилүү болду.

Маалым болгондой, баткендик Күмүшай Рустамованын өзүнө, жолдошуна, баласына ок тийген. Алар 17-сентябрдан бери Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатышкан. Алардан облус башчысы Акрам Мадумаров кабар алып, материалдык жактан колдоо көрсөтүлө турганын айтты. Дарылануудан кайтып келген 4 адамдын Бишкектен берки жол акысын Кулунду айыл өкмөтү төлөдү. Аларга 5 миң сомдон акчалай жардам да көрсөтүлдү.

16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылындагы такталбаган аймакта жүргүзүлгөн курулуш иштеринен улам кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 чек арачы каза болуп, 13 адам октон ар кандай жаракаттарды алган. Окуянын чоо-жайы бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×