Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 02.10.2019 09:26

Баткендин Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында мектептер курула баштады (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулушу башталды. Бул тууралуу кечээ, 1-октябрда облустун жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Орто-Боз айылындагы Жолдошбай Момунов атындагы орто мектебинин имараты 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалга келген. Үч-Дөбө айылында башталгыч класстар үчүн гана мектеп иштеп, жогорку класстын окуучулары кошуна айылдарга каттап окуп келишет. Бул көйгөйлөр президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусуна болгон иш сапарында айтылып, өлкө башчысы бул көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бура турганын билдирген. Үч-Дөбө айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, 35 млн сомго курулуп жатат. Ал эми Орто-Боз айылындагы мектеп 150 орунга ылайыкташтырылып, 45 млн сомго курулууда. 2 мектепти тең 2020-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалган.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы көз карандысыз Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык, Ак-Сай—Рават жолдордун курулушун улантуу, Ак-Сай айылындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, аталган айыл аймакка 2 бала бакча куруу менен Бакай участкасына сугат суу жеткирүү маселелерин чечүүгө республикалык бюджеттен 220 млн сом бөлүнгөн. Учурда бул объекттерде курулуш иштери жүрүп жатса, айрымдары аяктоо алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×