Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 01.10.2019 11:16

Баткенде салмагы жеңил, жер титирөөгө туруктуу үйлөр курулуп жатат (видео)

Turmush -  Баткендик архитектор Нуркожо Тойчуев элге бат салына турган каркас системасындагы үйлөрдү курууну сунуштап жатат.

Анын айтымында, курулуш жаатында 20 жылдан ашык убакыт иштеген. Андыктан Европа жана Америкада колдонулган каркас үйлөрдүн курулушун жакшы өздөштүргөн. Анткени бул үйлөр бат курулуп бүтүп, көп каражатты да талап кылбайт. Ага көбүнчө жыгач материалдар керектелет. Каркас үйдүн курулушу кайсыл мезгилде болбосун жүргүзүлө берет. Үйдүн башка типтеги турак жайлардан артыкчылыгы — сейсмикалык жактан туруктуулугу, салмагынын жеңилдиги. Бир үйдүн салмагы 15 тонна болот. Ушундай эле үй кыш менен курула турган болсо салмагы 400 тоннадан ашмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×