Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 29.09.2019 12:09

Баткенде милициянын майору Б.Жалиловду ардактуу эс алууга узатышты

Turmush -  Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери милициянын майору Болотбек Жалиловду ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Соңку жылдары Баткен ОИИБдин каржы-чарба бөлүмүнүн улук инспектору болуп эмгектенген Болотбек Жалилов ички иштер органдарында жалпысынан 32 жылдан ашык иштеген. Эмгек жолун Жалал-Абад ОИИБде баштаган. Ошондой эле бир нече кылмыштардын бетин ачууга жардам берген.

Баткен ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы каалоо-тилектерди айтуу менен Б.Жалиловго ак калпак жана чепкен кийгизишип, белек тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×