Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 26.09.2019 17:26

Баткенде аткезчилик менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды

Turmush -  25-сентябрда Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин төрагалыгы астында кезектеги координациялык кеңешме өттү. Анын жүрүшүндө облустун аймагында кен байлыктарын иштетүү, коррупция, аткезчиликке каршы күрөшүү, укук бузуулардын санын кыскартуу маселелери каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кеңешмеге укук коргоо органдарынын, Мамэкотехинспекциянын, райондук мамлекеттик администрациялардын, Мамлекеттик каттоо жана Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери, мэрлер катышты. Жыйында кен байлыктарын иштетүүдө жана келишимдерди аткарууда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү, Мамэкотехинспекциянын тийиштүү деңгээлде иш алып барбаган кызматкерлерине катуу чара көрүү талаптары коюлду.

Ошондой эле облустагы укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан аткезчиликке каршы күрөшүү маселеси талкууланып, Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык түзүмдөрүнө коррупцияны алдын алуу, бөгөт коюу, укук бузуулардын санын кыскартуу жана жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×