Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 26.09.2019 16:07 На русском

Баткенде 3 өлкөнүн жарандык коргонуу кызматы машыгууларын жыйынтыктады. Сүрөт

Turmush -  Баткен шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин жарандык коргонуу кызматтарынын биргелешкен эл аралык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар өзгөчө кырдаалдар катталган учурда кооптуу аймактан элди эвакуациялоо, лагерлерди уюштуруу, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүү, кырсыктардын кесепеттерин жоюу аракеттерин көрсөтүштү. Иш-чарага катышкан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышуучуларды машыгуунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

«Өзгөчө кырдаалдар чек ара дегенди билбейт, ошондуктан кандай гана кырдаал болбосун биргеликте аракеттенүүбүз керек. Мындай окуялар машыгууларда гана болсун», - деди ал.

Ошондой эле А.Мадумаров машыгууга активдүү катышкан жана буга чейин жарандык коргонуу кызматтарында үзүрлүү кызмат өтөгөн кызматкерлерге ардак грамоталарды тапшырды.

Буга чейин Turmush басылмасы Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен машыгуусу өтүп жатканын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×