Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 25.09.2019 18:30

Сүлүктүдө терроризм жана экстремизмге каршы конференция өттү (сүрөт)

Turmush -  Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунда 24-сентябрда «Жаштар терроризмге жана экстремизмге каршы» аттуу конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Иш-чарага шаардык прокуратуранын кызматкерлери, шаар тургундары, мамлекеттик нотариалдык конторасынын нотариусу, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун мугалимдер жамааты, студенттер, ШИИБдин аймактык тескөөчүсү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери катышты.

Маалыматка караганда, конференция шаардык прокуратуранын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулуп, анда ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдар коомчулукту гумандаштырууга, криминалдык чөйрөнү азайтууга жана адам өмүрүнүн коопсуздугун жогорулатып, коомдук тартипти камсыздоого багытталганы айтылды.

Мындан тышкары анда террористтик уюмдар тарабынан дин бир идеология катары колдонулуп, кээ бир адамдарды өз катарына чакырып, өз максаттарына жетүү үчүн пайдаланышары айтылды.

Мындай иштер калктын, өзгөчө жаштардын билим деңгээлинин төмөндүгүнөн, айрыкча диний сабаттуулуктун аздыгынан, критикалык ой жүгүртүүнүн жоктугунан, коомдогу социалдык мобилдүүлүктүн аздыгынан келип чыгары белгиленди. Ошондуктан жарандардын диний сабаттуулугу менен критикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу учурдун талабы экендиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×