Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 25.09.2019 11:16 На русском

Баткенде үч өлкөнүн ӨКМ кызматкерлери машыгуу өткөрүп жатат

Turmush -  Баткенде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен машыгуусу өтүп жатат. Машыгуунун максаты — аталган мамлекеттер менен бирге табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга карата ыкчам чара көрүү жана калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу.

«Баткен-2019» эл аралык иш-чарасынын ачылышы кечээ, 24-сентябрда өтүп, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова, Жарандык коргоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ырысбек Жолдошбаев, Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мухаммаджон Салимзод, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Рустам Норкулов куттуктоо сөз сүйлөдү. Алар мындай машыгуулардын чек ара аймактарында мааниси чоң экендигине токтолуп, машыгуу ийгиликтүү өтүшүнө тилектештик билдиришти.

Иш-чара 3 мамлекеттин ортосунда 2018-жылдын 5-октябрында түзүлгөн келишимдин негизинде өткөрүлүүдө.

«Өзгөчө кырдаал катталган учурда алгачкылардан болуп Улуттук кызыл ай коому жардамга келет. Бул уюм моралдык-психологиялык жардамдардан сырткары материалдык колдоолорду да көрсөтөт. Аны менен катар кырсыктардын кесепеттерин жоюуда уюмдун өкүлдөрү активдүү иш алып барат. Мындан сырткары кырсыктардын алдын алууда калк арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, куткаруучулар менен тыгыз байланышта иш алып барат», - дейт Улуттук кызыл ай коомунун Баткендеги өкүлү Канат Жигитов.

Машыгуу эки күнгө созулат. Бүгүн, 25-сентябрда тактикалык машыгуулар өтүп жатат. Кечээ, 24-сентябрда теориялык тажрыйба алмашуу жүргөн. Буга чейин бул машыгуу 2016-жылы Тажикстанда өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×