Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 24.09.2019 19:21 На русском

Баткен районунда контрабандалык тамекинин ири партиясы жок кылынды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 24-сентябрда Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келинген тамекилер жок кылынды.

Баткен райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Кубанычбек Байкишевдин айтымында, тиешелүү органдардын кызматкерлеринен атайын комиссия түзүлүп, тамекилер өрттөлгөн.

26-27-март күндөрү Кадамжай районунда жүргүзүлгөн «Разбойник» операциясы учурунда Бүргөндү айылынан Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан тамекилер табылган.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жалпы баасы 720 миң сомдук тамекилер (жалпы 10 миң куту болгон) Тажикстандан контрабандалык жол менен келе жаткан. Топтолгон материалдар Кадамжай РИИБде катталып, текшерүү жагы Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×