Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 20.09.2019 16:39

Баткенде 8 айдагы унаа кырсыктардан 11 адам каза болду

Turmush -  2019-жылдын 8 айында Баткен облусунун аймагында 21 жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кырсыктардан 29 адам ар кандай жаракат алган. Анын ичинен өспүрүмдөр катышкан 8 кырсык катталып, 9 бала жаракат алган. Мындай жол кырсыктарын алдын алуу максатында 19-20-сентябрь күндөрү Баткен облусу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Баткен районундагы мектептерге Баткен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×