Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 19.09.2019 14:12

Баткен облусунун чек арадагы аймактарында абал тынч

Turmush -  Учурда Баткен облусунун чек арадагы аймактарында абал тынч. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда облус жетекчиси Акрам Мадумаров күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн координациялык кеңеште айтылды.

Маалым болгондой, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жетишилген макулдашууларга ылайык кабыл алынган протоколдун негизинде иш-чараларды жүргүзүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Ага катар эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашуулар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, делимитация жана демаркация маселелери жүрө элек, такталбаган аймактарда мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо, ар дайым коомдук коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×