Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуБаткен району 19.09.2019 11:40 На русском

Исмаилжан Шайбеков Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевич Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал аталган кызматка 16-сентябрь күнү дайындалды. Жаңы жетекчини эмгек жамаатка 19-сентябрда акимчиликтин аппарат башчысы Сабырбек Ысмайылов тааныштырды.

Аты-жөнү: Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевич

Туулган жылы: 1962-жылы 18-сентябрь

Туулган жери: Өзгөн районунун Кызыл-Чарба айылы

Билими:

1970-1980-жылдары орто мектепте окуган.

1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетинин математика адистигин артыкчылык диплом менен ээ болгон.

2017-жылы юридикалык билимге ээ болгон.

Эмгек жолу:

1984-1995-жылдары Кызыл-Чарба орто мектебинде математик мугалим, мектептин директору болуп иштеген.

1995-жылы сынактык негизде Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү филиалына математика боюнча окутуучу болуп жумушка алынган. Кафедра башчысы, факультеттин деканы, ага окутуучу, доцент, билимдин сапатын көтөрүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

1997-жылдан тартып профессор М.Назаровдун жетекчилиги астында математиканы окутуунун методикасы боюнча илимий изилдөөчү болуп бекитилип, азыр дагы иштеп келе жатат.

Жогорку Кеңештин депутатынын референти болуп 1 жылдан ашык иштеген.

2007-жылдын 28-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Бир нече илимий макалалары окуу жайлар аралык, эл аралык конференцияларда, гезиттерде жарык көргөн. Жогорку математика боюнча студенттер үчүн 2 методикалык колдонмону, жогорку окуу жайга кирүүчүлөр үчүн математика боюнча тестердин бир нече жыйнагын жана мектеп окуучулары үчүн математика боюнча бир кошумча окуу куралын жазып чыгарган.

Учурда жергиликтүү кеңештин депутаты.

Үй-бүлөлүү, 4 уул, 6 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×