Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Айдаркен 18.09.2019 18:13

Айдаркендеги чек арадан мыйзамсыз жол менен 387 000 сомдук жүк алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 17-сентябрда Айдаркен шаарындагы чек арачылар аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан адамды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1989-жылы туулган жараны М.Э. чек ара бекетинен башка аймактан «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен 17 000 даана чакмак (зажигалка), 72 000 электр эсептегич алып өтүүгө аракет кылган. Жүктүн жалпы баасы 387 000 сомду түзөт. Кармалган жарандын жанында тиешелүү документтер жок болуп чыкты. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×