Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Исфана 17.09.2019 07:53

Бишкекте изделип жаткан унаа Баткенде 17 жаштагы бала айдап жүргөн жеринен табылды

Turmush -  Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан изделип жаткан унаа 15-сентябрда Лейлек районунун Исфана шаарынан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаардык Свердлов РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча изделип жаткандыгы тууралуу багыттама келген. 15-сентябрда саат 20:00 чамасында Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Мирлан Бердимуратов менен Абдулла уулу Айбек аталган унааны Лейлек районунун Исфана шаарынан табышкан. Аны Сүлүктү шаарынын 2002-жылы туулган тургуну А.Р. башкарып жүргөн. Унаа Лейлек РИИБдин короосуна киргизилип, тийиштүү материалдар Свердлов РИИБге өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×