Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Айдаркен 16.09.2019 09:37

16-17-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, үшүк жүрүшү мүмкүн

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Бүгүн, 16-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×