Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Исфана 13.09.2019 11:40

Исфана шаарындагы №2021 аскер бөлүктө футбол аянтча ачылды

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Лейлек районунун Исфана шаарындагы №2021 аскер бөлүктө футбол аянтча ачылды.

Түзүмдүн маалыматына караганда, аянтчаны курууга райондун айыл өкмөттөрү салым кошту. «Манас» эл аралык аэропорту тарабынан 300 миң сом бөлүнүп берилген. Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө футбол аянтчасынын курулушуна салым кошкондор чек ара кызматынын ардак грамотасы менен сыйланышты. Чек арачылар арасында футбол мелдеши да уюштурулду. Баткен чек ара башкармалыгынын жетекчиси Замир Мийзаев байгеге өз каражатынан 5000 сом бөлүп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×