Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 12.09.2019 13:27 На русском

«Сөккөнүнөн улам жаакка чаптым»: Баткендеги мамлекеттик кызматкер менен келиндин чыры

Баткен шаары
Баткен шаары

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Батма Жолболдуева 5-сентябрда Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын кызматкери тарабынан сабалгандыгын айтууда.

Анын айтымында, аны аталган мекеменин кызматкери жаакка чапкан.

«5-сентябрь күнү саат 9:00 чамасында курбу кызым экөөбүз Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына барганбыз. Ал жердин А.М. аттуу кызматкерине кайрылдык. Ал «жетекчи жок» дегенинен сыртка чыгып күтүп турдук. Кайра кирип «жетекчи келбесе документтерди бере бергиле, кийин өзүбүз жетекчи келгенде кирип кол койдурабыз» дедик. Ал бизге «кабинеттен чыгып кет» деп орой мамиле жасап, ата-энебизге асылып сөктү. Менин ачуум келип, аны жаакка бир чаптым. Анан ал да мени сол жаагыма чаап жиберди. Мени жаакка чапканда көзүм караңгылап отуруп калдым. Ал жерде күбө болгон адамдар да бар болчу. Кулагымдын ичи дуулдап ооруканага келдим. Азыр мени травматология бөлүмүнө жаткырышты. Ушундай мамлекеттик ишканада маданиятсыз кызматкерлер эмне үчүн иштеп жатат? Азыр дарыгерлер рентгенге түшүрүп, укол, дарыларды жазып берди. Азыр кускум келип, башым ооруп, кулагым дуулдап жатат», - деди ал.

Ал эми Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Алишер Эргешов кызматкерди биринчи Батма айым өзү ургандыгын белгиледи.

«Ал келин биздин мекемеге келип, курбу кызынын документтин бер дептир. Биз арыз менен кайрылбаган адамга эч качан башка бирөөнүн документтин бербейбиз. Менин кызматкерим ал документти берүүгө болбостугун, качан гана арыз ээси өзү келсе колуна бере турганын айтыптыр. Анан ал келин «сен эмне үчүн бербейсиң» деп кызматкерди ура баштаптыр. Урганда ал өзүн ала качыптыр. Анан эле ал келин ооруканага барып жатып алыптыр. Келин өзү менин кызматкеримди бетке чаап жибериптир. Биздин ишканага келип, ишеним каты жок бирөөнүн документин сураганы туура эмес. Эгерде анын ишеним каты болсо документти ал кызматкерден эмес, «Бирдиктүү терезеден» алат. Анын бул кадамы туура эмес. Менин кызматкеримдин күнөөсү жок деп эсептейм», - деди Эргешов.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери Абдилазиз Асановдун айтымында, жабырлануучунун мээси чайкалган.

«Бизге 5-сентябрда саат 14:00 чамасында Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну Батма аттуу айым кайрылды. Бизге чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан текшерилип, баш мээси чайкалган деген диагноз менен келди», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×