Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 09.09.2019 16:06

Баткен шаарында Комуз күнүнө карата салтанат өттү

Turmush -  Баткен шаарында 9-сентябрь – Комуз күнүнө жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган облустук деңгээлдеги салтанат өттү.

Маалым болгондой, иш-чарада облустун аймагынан чогулган 250 комузчу белгилүү кыргыз күүлөрүн чертишти. Комузду, кыргыз тилин даңктаган чакырыктар менен миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыкты.

Ошондой эле Комуз күнүнө карата Баткенде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган жумалык башталды. Алдыда облустун аймагындагы бардык мекеме-ишканаларда ушундай иш-чаралар уюштурулат.

Баткенде билим берүү мекемелерине комуз сабагын киргизүү колго алынууда. Бул багытта Лейлек району 8 жылдан бери «Устат-шакирт» чыгармачылык борбору менен кызматташып, натыйжада комузду өздөштүргөн окуучулардын саны өскөн. Учурда жүздөгөн комузчулар тарбияланып, аймактагы майрамдык, маданий иш-чараларга катышып келет. Бул багытта иш алып барган мектептерге комуздар да таратылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×