Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.09.2019 09:41

9-сентябрдан 12-сентябрга чейин жамгыр жаап, үшүк жүрүшү мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: 9-10-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 12…17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 17…22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, 10-11-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу мүмкүн.

11-12-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги айрым райондорунда 0…-2° үшүк жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×