Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 07.09.2019 11:45

Маргундагы жумушсуз апалар долбоор жазып, кичи ишкана ачышты

Turmush -  Лейлек районундагы Маргун айыл аймагы райондун борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. Беш миңден ашык калкы негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.

Айылдагы апалар жумушсуздукту кыскартуу максатында БУУнун өнүктүрүү программасына долбоор жазып, сүт азыктарын жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү кичи ишкана ачууга жетишишти. Долбоордун алкагында 1 млн 800 миң сомго керектүү жабдуулар алынып, 4 адам жумуш менен камсыз болгон ишкана иштей баштады. Аталган ишкана сүт азыктарынан курут жана мөмө-жемиштерди кургатып сатышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×