Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 07.09.2019 10:37

Баткендин башчысы Козу-Баглан дарыясына барды

Turmush -  Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Лейлек районунун Бешкент айылындагы Козу-Баглан дарыясына курула турган суу курулмаларынын ордун көрүп чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл аймагына таза суу тартуу жумуштарын «Ала-Тоо булагы» таза суу долбоорунун алкагында 2022-жылга чейин аткаруу пландалган. Бул жумуштар ири инвестиция эсебинен жана элдин салымы менен ишке ашырылат. Долбоор ишке ашса, Бешкент айылындагы ар бир үйгө суу түтүгү киргизилип, 12 миңден ашык эл толугу менен таза суу менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×