Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 07.09.2019 10:15

Лейлектин Маргун айылына 3,6 млн сомго таза суу тартылууда

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылына таза суу тартылууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кундуз булагынан 3 км 600 метр аралыкка суу түтүктөрү тартылып, учурда 240 үйгө таза суу киргизилди. Дагы 60 үйгө суу киргизүү жумуштары жүрүп жатат. Бул демилгени ишке ашыруу максатында райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 100 миң сом, айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 800 миң сом бөлүнүп, ошондой эле эл тарабынан 700 миң сом чогулуп, суу чыгарууга жалпы 3 млн 600 миң сом каражат жумшалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×